• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаровду кесиптештери куттуктап жатат

6 Бештин айы 202512:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 56 жашка толду. Жапаровду туулган күнү менен бир катар өлкө башчылары куттуктап жатышат.

Орусиянын лидери Владимир Путин өз куттуктоосун жиберген:

“Сиз мекендештериңиздин чын ыкластуу урмат-сыйына жана эл аралык абройго татыктуусуз. Биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга кошкон жеке салымыңыз абдан жогору. Жакында Бишкекке болгон сапарымды, мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздү жылуу эскерем. Биз, албетте, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланыштарды мындан ары да бекемдөө максатында конструктивдүү биргелешкен ишибизди улантабыз. Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинден келген куттуктоо:

“Быйыл биз Пекин, Астана, Тяньцзин шаарларында үч жолу жолугуп, кытай-кыргыз мамилелерин жогорку сапатта өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик. Бул жаңы доордогу кытай-кыргыз мамилелерин камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү келечекте өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктап берди. Кыргызстан Кытайдын маанилүү коңшусу болуп саналат. Биздин ортобуздагы жакын иштиктүү алакаларды жана жеке достукту жогору баалайм, сиз менен биргеликте кытай-кыргыз мамилелерин дагы жогорку деңгээлге көтөрүүгө даярмын. Сизге чың ден соолук жана бардык иштериңизге ийгиликтерди каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу:

“Сиздин абройлуу жетекчилигиңиздин астында Кыргызстан прогресс жолунда ишенимдүү түрдө алдыга жылып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык модернизациялоодо жана эл аралык аренада позициясын чыңдоодо албан ийгиликтерге жетишүүдө. Өлкөдө болуп жаткан жаратмандык процесстер сиздин стратегиялык багытыңыздын таасирдүүлүгүн ишенимдүү түрдө тастыктап, мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү үчүн негиз түзүүдө. Кылымдардан бери келген достук жана коңшулаштык духунда казак эли боордош кыргыз элинин ийгиликтерине чын дилинен кубанат. Биздин биргелешкен ишибиз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенем.

Сизге түгөнгүс күч-кубат, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана боордош Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн аркалаган жооптуу мамлекеттик ишиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу:
 
“Сиздин акылман жана алысты көрө билген саясатыңыздын, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу реформаларыңыздын, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын жана аброюн бекемдөө боюнча ырааттуу аракеттериңиздин аркасында Кыргызстан бардык тармактарда тездик менен өнүгүүдө.
 Акыркы жылдары биздин биргелешкен чечкиндүү аракеттерибиздин, эки жактуу жана көп тараптуу форматтардагы жемиштүү жана активдүү диалогдордун натыйжасында, ынак коңшулаштык жана бекем достук духуна негизделген боордош элдерибиздин стратегиялык өнөктөштүк мамилелери таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн зор канааттануу менен белгилейбиз.
Жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбызда жетишилген бардык маанилүү келишимдер жана масштабдуу пландар, ошондой эле башталган ири аймактык инфраструктуралык долбоорлор биздин жалпы аракетибиздин аркасында толугу менен ишке ашарынан шек жок. Бул кубанычтуу күнү сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо, жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ынтымак, туруктуу бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосу:

“Сизди өзүмдүн жана элимдин атынан туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жакындарыңыз менен бирге ден соолукта жана бейпил жашоодо узун өмүр сүрүүңүздү каалайм. Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн мамилелерибиздин, орток тилге, тарыхка, маданиятка жана ишенимге таянган эки элдин колдоосу менен, күн сайын өнүгүп жатканын көрүү мага чоң кубаныч тартуулоодо. Учурдан пайдаланып, 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары кыргыз өкмөтү жана бир тууган кыргыз эли үчүн жакшылыктын жышааны болуусун тилейм. Сизди дагы бир жолу туулган күнүңүз менен куттуктап, чың ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Количество просмотров: 123