• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Борбор Азия лидерлеринин кийинки жыйыны Душанбеде өтөт

21 Теке 2022 13:06 Бишкек Govori.TV

Борбор Азия мамлекет башчыларынын кийинки жыйыны Тажикстандын Душанбе шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмесинде белгилүү болду.

Маалым болгондой, консультативдик жолугушууга кийинкиде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон төрагалык кылат.

«Консультативдик жолугушуунун төрагалыгын Тажикстанга менен өткөрүп берем. Урматтуу аксакал, Тажикстан президенти Эмомали Шариповичке ийгиликтүү жана майнаптуу төрагалык каалайм. Душанбеде көрүшкөнгө чейин», — деди Садыр Жапаров.

Кошумчалай кетсек, Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын саммити Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.

Кеңешменин жыйынтыгы достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коюлду.

Количество просмотров: 96