• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Душанбеде Борбор Азия лидерлеринин кеңешмеси өтөт

21 Баш оона 2023 17:32 Бишкек Govori.TV

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Душанбеде кеңешме жыйынга чогулат. Чөлкөмдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу 14-15-сентябрга белгиленген.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунда маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Алардын ичинен эң орчундуусу өлкө лидерлери тарабынан бекитиле турган жыйынтыктоочу декларация болот.

Маалыматтарга караганда, Душанбеде кургактагы транспорт тармагы жана жаштар саясатына байланыштуу эки келишимге кол коюлат.

Тажикстан Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунда кошумча 12 иш-чара өткөрүүнү сунуштады. Алардын арасында экономикалык форум, илимпоздордун жолугушуусу, маданий иш-чаралар жана аймактын бардык беш мамлекетинин кулинардык салттарын чагылдырган улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү бар.

Количество просмотров: 86