• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин алгачкы форуму башталды

10 Бирдин айы 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-февралда Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форуму башталды.

Алгач иш-чарага катышып жаткан өлкөлөрдүн парламент жетекчилери президенттеринин атынан кайрылуу жасашты.

Төрага Нурланбек Шакиев тааныштырган президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда Борбор Азия — өзүн өзү камсыздаган, адам жана жаратылыш ресурстарына бай, бардык тармактар боюнча чоң потенциалга ээ кеңири аймак экени белгиленип: «Аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуулугу 2022-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда дагы бир жолу тастыкталды. Мына ошол жолугушууда чөлкөмдөгү кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча стратегиялык документтер кабыл алынып, XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана тыгыз алака жөнүндөгү келишимге кол коюлган»,- деп жазылган.

Муну менен катар коюлган максаттарды ишке ашырууда парламенттердин ролу жогору экенин айткан Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда иш-чаранын өткөрүлүшүн кубаттай тургандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, төрага менен бирге аталган форумга Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов катышууда.

Количество просмотров: 70