• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Борбор Азияда буудайды эң көп Өзбекстан керектейт

16 Кулжа 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

АКШнын Айыл чарба министрлигинин (USDA) аналитиктеринин баамында, Өзбекстан 2022-2023-жылдары 8,5 млн тонна буудай керектеши мүмкүн. Бул тууралуу “АПК Информ” агенттиги билдирди.

Бул былтыркы сезонго салыштырмалуу дээрлик 1% жогору жана Борбор Азияда буудай керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү болуп эсептелет.

Бул арада Казакстан бул жылы 6,2 млн тонна буудай керектей турганы күтүлүүдө. Ошол эле маалда Нур-Султан буудай да, буудай унун да экспорттой.

USDA адистеринин божомолунда 2022-2023-жылдары Казакстанда буудай жана ун экспорту 8 млн тоннага жетиши мүмкүн, Өзбекстандын экспорту болсо 1,5 млн тоннаны гана түзөт.

Натыйжада Өзбекстан быйылкы сезондо ички керектөөнүн 78% гана камсыздай алат.

Количество просмотров: 105