Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан.
Бул тууралуу Govori.TV. интернет-каналы Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы уранды иштетүүгө берилген лицензия кайтарылып алындыбы деген суроо менен кайрылганда, Бороновдун сөзүн тастыкташкан жок.
«Азыркы учурда чалгындоо иштери убактылуу токтотулду. Ал эми Кубатбек Бороновдун сөзүн угуп чыктык, бирок бул тууралуу биздин ведомство комментарий бербейт. Жеринде атайын комиссия иштеп жатат. Ошол комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин маалымат берилет»,- деп билдиришти мекемеден.
Толугураак маалыматты комитеттин төрагасы Эмиль Осмонбетов (ошол эле адам атайы комиссиянын төрагасы) ордунда жок болгондуктан басма сөз кызматы бере албастыгын кошумчалады.
Эске салсак, 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.
2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган