• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Боронов: Коронавирус менен байланышкан бизде дагы бир оору пайда болду

2 Теке 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

Коронавируска кошумча пневмония оорусу күчөдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

“Учурда коронавирус тастыкталбаган, бирок эл ичинде ага өтө жакын белгилери бар пневмония оорусу каптады. Биздин саламаттык сактоо системасындагы башкы тартыштык – кислороддук концентраттык аппараттар болууда. Бул илдет биринчи жолу болуп жаткандыктан биз алгач коронавирус деп, ага анализ тапшырып, дарылап колдон келишинче жардам бере баштадык. Акыркы мезгилде бизде коронавирус менен байланышкан экинчи оору пайда болду. Бул – пневмонияга байланыштуу өпкө оорусу. Ушул оору коронавирус жуккан деген тастыктама жок (отрицательный) оорулардан пайда болуп жатат. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын көпчүлүгү ушул оорудан дарыланып жатат. Бизде азыр ИВЛ-аппарат эмес кычкылтек концентратордук аппараттарга муктаждык жогору болду. Бул маселени дагы чечип жатабыз”, -деди Боронов. 

Количество просмотров: 75