• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бостериде күйөөсү сабаган аял ооруканада каза болду

12 Бугу 2022 18:36 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунун Бостери айылында күйөөсү сабаган аял 11-майда каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 10 май күнү Ысык-Көл районунун ички иштер башкармалыгына, райондук-аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1978-жылы туулган Бостери айылынын тургуну С.Т. аттуу жаран денесинен көрүнгөн жаракаттары менен оор абалда түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аялдын өлүмүнө шектүү катары 50 жаштагы күйөөсүн кармады.

«Кылмышка шектүүнү сурак учурунда, 2022-жылдын 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү Ш.К. алкоголдук мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, дене жаракаттарын келтирип, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп уктаганы кетип калганы белгилүү болгон.

Ал эми эртеси 10 май күнү таңкы саат 6да 2002-жылы туулган уулу Б.Э. үйүнө келип, апасынын эс-учу жоголгон абалында таап, тез жардам чакырган, аял кома абалында кайра жандандырылган бөлүмүнө жайгаштырылган», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камоочу жайына камалды.

Количество просмотров: 2874