ИИМ резонанстуу окуя боюнча жарыялаган видео 2 жыл мурунку болуп чыкты. Бул тууралуу журналист Эламан Карымшаков Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«ИИМдин маалымат кызматы пресс-релиз таратып, расмий YouTube-каналына видеосун жүктөгөн. Анда Бостериде эс алып жаткан 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учуру катары көрсөтүлгөн. Аны көптөгөн ЖМКлар, анын ичинде биз да жарыялаганбыз. Бирок ал видео эски экенин байкадык. Ушул эле роликти эки жыл мурун Ысык-Көл ОИИБдин маалымат катчысы YouTube-каналына жүктөгөн. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Байкасаңыз, видеонун башында эски кадрды колдонуп, аягына Бостеридеги окуяга шектүүлөрдүн сүрөтү коюлган»-деп жазды ал.
Облустук милиция бул боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди.
«Чындыгында сунушталган видеодо архивдик видеолор колдонулган, анткени Бостери айылындагы «Золотые Пески» пансионатынын жээгинде эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учуру түнкүсүн жүргүзүлгөндүктөн, кадрлардан абдан начар көрүнүп калган. Буга байланыштуу архивдик видео колдонулган. Бардык шектүүлөр кармалган жана Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган»,-деп билдиришти облустук милициядан.
Эске салсак, бүгүн ИИМдин маалымат кызматы Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учурундагы видеону жарыялаган.