Бишкек шаарында 16 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, 13-июнда «102» кызматына Октябрь районундагы турак үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барып, маркум 2007-жылы туулган А.Э. аттуу өспүрүм экенин аныктаган. Анын денесин кароодо жаракаттын издери табылган эмес.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Reporter.kg өздүк булактарына таянып, өз жанын кыйганы айтылган бала 9-июнда Ботаникалык бакта бычакталгандан кийин көз жумган Н.А. аттуу өспүрүмдүн классташы болгонун жазды.
Эске салсак, 9-июнда Ботаникалык бакта өспүрүм бычакталып, алган жараатынан улам көз жумган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 16 жаштагы А.Р. кармалып, ага карата Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электрдин түзөтүү мекемесинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды