• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бова: Шайлоо күнү байкоочулар ачык кысымга алынган

5 Тогуздун айы 202012:24 Бишкек Govori.TV

Шайлоодо «Таза Шайлоо» ассоциациясынын коомдук байкоочулары саясий партиялардын байкоочулары тарабынан ачык кысымга алынган. Бул тууралуу «Таза шайлоо» ассоциациясынын директору Эдир Бова билдирди.

«2020-жылдын 3-4 октябрында коомдук байкоочуларга карата коркутуулар болуп, шайлоо жараянындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн күч колдонулган.Окуялар Ош шаарындагы №5288 жана №5911 шайлоо учаскаларында болуп, кол салгандарга карата укук коргоо органдарына карата арыздар берилди. Учурда териштирүү иштери жүруп жатат»,-деди Эдир Бова.

Белгилей кетсек, аталган ассоциация республика боюнча шайлоо күнү 125 шайлоо тилкесине көз карандысыз коомдук байкоо жүргүзгөн.

Количество просмотров: 126