Кыргызстанда добуш берүү санитардык эрежелерди сактоо менен ыңгайлуу шартта өтүп жатат десек болот. Бул тууралуу эл аралык байкоочу Михаил Шеремет билдирди.
Эл аралык байкоочулардын айтымында, добуш берүү жалпысынан мыйзам чегинде өтүп жатат.
«Ленин районундагы 12 шайлоо тилкесин кыдырып келдик. Кыргызстанда добуш берүү санитардык эрежелерди сактоо менен ыңгайлуу шартта өтүп жатат десек болот. Кээ бир жерлерде добуш берүүнүн башталышында үкөк иштебей калган учурлар катталып, мүчүлүштүктөр жоюлду. Шайлоо процесси ачык өтүп жатат»,-деди эл аралык байкоочу.
Белгилей кетсек, шайлоого 277 эл аралык байкоочу жана 77 жарандык уюм мониторинг жүргүзүүдө.