Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келерин айтып, күйөрмандарына видео кайрылуу жолдоду.
«Салам Кыргызстан. «Барса» расмий Кыргызстанда. Мен 3 күн сиздер менен болом. Жашасын Барса, жашасын Каталония, жашасын Кыргызстан», — деди ал.
Белгилей кетсек, 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо (мурдагы «Спартак») Barça Legends жана «Азия легендалары» командаларынын ортосунда оюн өтөт. Биринчи команданын курамында өз оюну менен бүткүл дүйнөнү суктандырган «Барсанын» легендарлуу жылдыздары болсо, экинчисине улуттук курама командабыздын экс-футболчулары гана эмес, Азия өлкөлөрүнүн футбол жылдыздары да чыгат.
Кыргызстанга келе турган белгилүү футболчулардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Педро Савиола бар. Мындан тышкары, Жалал-Абад менен Бишкекте «Барселонанын» футбол академиялары ачыла турганы кабарланды.