• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БРИКС өлкөлөрү долларга каршы жаңы дүйнөлүк акча бирдигин түзөбү?

17 Баш оона 2018 17:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
БРИКС өлкөлөрү жаңы акча бирдиги боюнча сүйлөшүп жатат.
Орус парламентинин төмөнкү палатасы Думанын Каржылык рыноктор комитетинин төрагасы Анатолий Аксаков, кысым каражаты катары АКШ долларын колдонуу жаңы дүйнөлүк акча бирдигинин пайда болушуна алып келээрин билдирди. Бул туурасында “TRT”,- сайтына жазып чыкты.
Аксаков: «Качан гана долларга альтернативдүү жаңы акча бирдиги пайда болгондо, доллар кунун жоготот. Ушундайча АКШнын дүйнөлүк таасирдүүлүгү да жок болот»,-деди.
Анатолий Аксаков БРИКСти түзгөн Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өз ортолорундагы төлөмдөр үчүн жаңы акча бирдиги ыктымалдуулугун сүйлөшүп жаткандарын айтты.
«БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн дүйнөлүк калктын санынын жарымын жана өнөр жайынын 30 пайызын түзгөндүгүнө көңүл бурган Аксаков: «Альтернативдүү дүйнөлүк акча бирдигин чыгаруу процесси 5 жылдын ичинде аякташы мүмкүн. Бул Вашингтонго жараша болот. АКШ доллар колдонуу үчүн кысымын күчөтсө, берки өлкөлөр дагы төлөмдөрдүн доллар аркылуу төлөнүшүнө каршы чыгышат»,-деди.
Думанын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий болсо Орусиянын Түркияны колдогондугун айтты.
Түрк лирасынын кайрадан кунун жогорулатканына кубангандарын сөз кылган Слуцкий, Түркиянын бул кыйынчылыкты ашып өтүү үчүн керектүү саясий ырааттуулук жана интеллектуалдык күчкө эгедер экенин билдирди.
Количество просмотров: 44