Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөдө кызамык менен ооруган 536 учур катталды. Былтыр оорунун 7046 учуру катталып, алардын 43,5% 1-4 жаштагы балдар түзгөн.
Акыркы эки жылда бул оорудан тогуз бала чарчап калган. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан.
«Кыйын» ток-шоусунда кызамыктын жайылышы тууралуу талкуу болот.
Катышуучулар: Айчүрөк Маликова- эпидемиолог, Жамал Фронтбек кызы «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы.
Модератор Кайыргуль Урумканова.