• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте экстремизмге каршы мыйзамдар, жарандык жана саясий укуктар тууралуу семинар өттү

16 Аяк оона 202514:41 Бишкек Govori.TV

12–13-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында «Бир Дүйнө – Кыргызстан» «Сова» маалыматтык-аналитикалык борбору менен биргеликте Кыргызстандагы экстремизмге каршы мыйзамдардын жана жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын 19-беренесинин колдонулушу алкагында ой-пикирлерди билдирүү эркиндигин коргоого арналган окутуу семинарын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, семинарга адвокаттар, укук коргоочулар, эл аралык эксперттер, Акыйкатчы институтунун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Эксперттер жана иш-чаранын катышуучулары улуттук ыкмаларды адам укуктары боюнча эл аралык стандарттар менен шайкеш келтирүү зарылдыгын талкуулашты. Ошондой эле, экстремизмге каршы күрөшүүдө “мамлекет тарабынан ратификацияланган эл аралык документтерде, Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген негизги жана өзгөрүлгүс адам укуктары унутта калбашы керектигин” баса белгилешти.

Ошондой эле иш-чарада азыркы учурда КР Улуттук Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуу коркунучунда турганы, антсе дагы, анын макамын сактап калуу үчүн адвокация жана лоббирлөө мүмкүнчүлүктөрү бар экени белгиленди. Бирок, өзгөчө сезимтал аталган тармакта иштеген адвокаттар кооптуу абалга туш болуп жатышканы айтылды, адвокаттардын айрымдары камакка алынган учурлар катталган, аларга жабырлануучуларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген, мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу экстремисттик материалдардын маалымат базасындагы маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Семинардын катышуучулары тарабынан жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 19-беренесин илгерилетүү жана коргоо үчүн бир катар сунуштамалар иштелип чыкты.

Количество просмотров: 100