Ушул жумада Оксфорд университетинин изилдөөчүлөр тобу коронавируска каршы вакциналарды ыктыярчыларга текшере баштайт. Бул тууралуу «ВВС» басылмасы Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Ханкокко шилтеме берүү менен жазды.
Хэнкоктун айтымында, вакцинаны иштеп чыгуу маанилүү болгондуктан Улуу Британия аны түзүүгө болгон күчүн жумшоого даяр жана башка өлкөлөргө караганда коронавирус менен күрөшүүгө көп каражат жумшаган.
Тактап айтканда, Оксфорд университетинин окумуштууларына клиникалык сыноолорду өткөрүүгө 20 миллион фунт бөлүнгөн. Мындан тышкары дагы 22,5 миллион фунт Лондондогу Империал колледжинин изилдөөчүлөрүнө берилген. Ал жерде вакцинаны жаныбарларга текшерип жатышат, ал эми июнь айында адамдарга текшере башташат.