• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

БШК: 12:00гө карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берди

4 Тогуздун айы 202013:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде саат 12:00го карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 17,73%ын түзөт. Анын ичинен Нарын облусунда — 32 миң 260, Ош облусунда — 120 миң 423, Баткен облусунда — 49 миң 609, Талас облусунда — 28 миң 130, Чүй облусунда — 99 миң 13, Бишкек — 84 миң 106, Ош шаарында — 37 миң 860, Жалал-Абад облусунда — 125 миң 225, Ысык-Көл облусунда — 47 миң 971, шайлоочу добуш беришти», — деп билдирди Шайлдабекова.

Количество просмотров: 105