Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагалыгынан кетти. Бул маалыматты GovoriTVга БШКнын басма-сөз кызматы тастыктады.
Нуржан Шайлдабекова кызматтан өз каалоосу менен кетип жатканы белгилүү болду. Башка деталдары азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, Нуржан Шайлдабекова бул кызматты 2016-жылдан бери аркалап, 2021-жылы кайрадан шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекованын ролунда бир нече маанилүү шайлоолор өттү: 2017-жылдагы президенттик шайлоо, 2021-жылдагы президенттик шайлоо, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо (жыйынтыктар жокко чыгарылды), 2021-жылдагы парламенттик шайлоо, 2021-жылдагы референдум жана башка процесстерде.