• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

БШК №16 округдун жыйынтыктары жарактуу деп тапты

5 Бештин айы 202518:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 16 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

Төмөнкүлөр № 16 шайлоо округу боюнча шайланган депутаттар деп таанылды:

— Жумабеков Дастанбек Артисбекович – 12 928 добуш (22,97%);

— Чотонов Медер Осконбекович – 10 164 добуш (18,06%);

— Кайрылбекова Медина Кайрылбековна – 8 951 добуш (15,90 %).

Аталган округдан БШК тарабынан 10 талапкер катталып, шайлоого катышкан. Округда 82 шайлоо участогу түзүлүп, округ боюнча шайлоочулардын тизмесине 133 744 жаран киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 57 миң 31 шайлоочу катышкан. Бул көрсөткүч тизмеге кирген шайлоочулардын 42,6 пайызын түзгөн. Округдун ичиндеги участкаларда 50 миң 18 шайлоочу, 7013 шайлоочу аралыктан добуш берген.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Теги:
Количество просмотров: 233