• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

БШК Адилет Сатыгуловдун кайда экенин билбейт

23 Жетинин айы 201811:57 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү Надира Сатыгул кызынын уулу, БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгуловдун кайда экенин билбейт. Анткени, акыркы жыйынга ал келген эмес. Тактап айтканда , БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова анын атынан ишеним катты гана көрсөткөнү болбосо, Адилет Сатыгуловду кесиптештери бир жумадан бери көрүшө элек.
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына маек берип, КСДПнын бухгалтери шайлоо учурундагы чыр-чатакты жакшы билгендигин, ошондой эле өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулганын билгендиктен чет өлкөгө чыгып кеткендигин айткан эле. Мындан улам ИИМ Надира Сатыгул кызына туулган коркунуч туулган деген маалыматты текшерип баштады.

Количество просмотров: 13