• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БШК: Жогорку Кеңешке депутат болчу адам үч айдан бери келбей жатат

12 Чын куран 2018 12:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.04.2018. Govori.TV

“Кыргызстан”  фракциясындагы депутаттык бош орун тизмедеги депутат мандаттан баш тартканы тууралуу өзү арыз жазганга чейин тура берет. Бул азыркы чакырылыштын мөөнөтү аяктаганга чейин созулушу да мүмкүн”. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Govori.TVга билдирди.

Себеби,  ушул жылдын башында ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов күтүүсүз оорудан улам көз жумган. Андан бери дээрлик үч айдан ашуун убакыт өтсө да, фракцияга кийинки тизмеде турган депутат Насыр Мусаев келип депутаттык мандатын ала элек.

“Биздин маалыматтар боюнча, депутаттыкка талапкер учурда катуу ооруп, мандат алууга саламаттыгынын мүмкүнчүлүгү жок экен. Ал эми КРнын мыйзамдарында талапкер мындай мүмкүнчүлүгү жок учурда мандат кандай чечилет каралбай калыптыр. Ал эгер мандатынан баш тартуу аразыны жазса, анда биз арызды кабыл алып, кийинки талапкерге мандатты ыйгармакпыз. Бирок, андан арыз келип түшкөн жок. Эгер, ал арыз жазууга чмасы келбесе, анда мандат бош тура берет. Балким бул ушул чакырылыштагы депутаттардын мөөнөтү аяктаганга чейин созулушу мүмкүн”,-дейт Кайрат Осмоналиев.

Анын айтымында, эгер фракция катчылыгы бош мандат үчүн БШКга суроо салып, аракеттенсе БШКнын мүчөлөрү бул мыйзамдык боштукка карата Конституциялык палата аркылуу чара  көрүшү мүмкүн…

Эске сала кетсек, партиянын тизмеси боюнча кезек Насыр Мусаев, Руслан Чойбеков жана Орозбек Алиевдерге жеткен.

 

Количество просмотров: 35