• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

БШК Шаирбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыратты

14 Жалган куран 202614:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул күнү БШК жыйынында Ташиевдин мандаты анын өз арызынын негизинде токтотулду, депутаттык ырастамасы жараксыз деп таанылды.

Ташиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы ушул эле күнү белгилүү болгон.

Количество просмотров: 203