• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

БШК жаңы депутаттарга мандат тапшырды

18 Жалган куран 202612:31 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 18-марттагы жыйынында Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Чойбеков Бактыбек Каныбековичке № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековнага № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.

Ормонов, Калбердиева, Чойбеков жана Мурзакимова Жогорку Кеӊешинин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.

Количество просмотров: 221