• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

БШКга талапкер Турсунбай Бакир уулунун үстүнөн арыз түштү

14 Баш оона 202317:13 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясына Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Турсунбай Бакир уулунун үстүнөн арыз түштү.

Дагы талапкер Лейла Саралаева Фейсбуктагы баракчасына арызды анын өкүлү жазганын билдирди.

Саралаева Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номуру жана “Мен кайтып келдим” деген урааны жазылган баннер илингенин жана сүрөтүн жарыялап, таналапкерлердин бюллетендеги номурлары али тактала элек экенин жазган.

Количество просмотров: 166