• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

«Бул шайлоо өзгөчө шайлоо». Жапаров жарандарга кайрылды

30 Жетинин айы 202513:48 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинен добуш берип, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Өлкө башчынын айтымында, бул шайлоо өзгөчө шайлоо, анткени шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылган.

“Адам фактору катышпайт. Мурда бюллетендер кол менен басылып чыгып, аймактарга жеткирилчү. Анда ар бир тилкеде 50-100дөн бюллетенди ашыкча алып коюп, ашкандарын бир талапкерге белгилеп салып коюшуп, өткөрүп жиберишчү. Азыр андай жок. Келген жерден компьютер өзү бюллетень чыгарып берет, бардыгын компьютер эсептейт жана кечинде жыйынтыгын компьютер чыгарат. Кыскасы адам фактору аралашпайт”, — деди.

Президент эмне үчүн мындай система ишке киргизилгенин айтып берди.

“Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин өлкөдө 3 жолу төңкөрүш болсо үчөө тең ошол шайлоолордун кесепетинен келип чыккан. Ошондуктан бул ирет автоматташтырып, адам факторун аралаштырбаганга толук аракетибизди жумшадык. Мындан ары дагы аракет кыла беребиз”, — деди.

Ошондой эле Жапаров аралыктан добуш берүү киргизилгендигине байланыштуу шайлоого катышкандар көбүрөөк болот деген ишенимин билдирди.

“Мисалы, аймактардан борборго келгендер, же базарларда жүргөндөр дагы базарларда ачылган шайлоо тилкелерине кирип добуш бере алышат. Менин шайлоого 5 эле мүнөт убактым кетти. Ошондуктан бардык шайлоочуларга дагы бир жолу кайрылып, активдүү катышууга чакырам. Мындан ары бардык шайлоолор адам фактору катышпай өтөт. Кийинки жылы президенттик шайлоо өтөт. Анда дагы биз адам фактору катышпагандай кылып, мындан дагы жакшы шарттарды түзөбүз. Азыр бизде шайлоочулар добуш саткан, ал эми талапкерлер добуш сатып алган бир эле көйгөй болуп жатат. Албетте, шайлоочулардын бардыгы добушун сатып жатат деп айтпайм, азыр элдин басымдуу бөлүгү акчага кызыкпай калды. Анткени, жашоо-турмуш жакшы, дүнүйө таанымы өзгөрдү дегендей. Добушун саткан 10го жакын учур болду окшойт. Азыр териштирүүлөр жүрүп жатат. Бардыгы автоматташтырылып, адам фактору аралашпаган шайлоо системасы түзүлдү, эми калганы элдин колунда”, — деди өлкө башчысы.

Количество просмотров: 72