• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Буудайды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

25 Аяк оона 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети буудай жана буудай унун өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алды. Токтом долбоорунда алты айлык мөөнөткө тыюу салуу жазылган.

Чечим өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынган. Өкмөт бул токтомду 20-сентябрда коомдук талкууга койгон болчу. 19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Андан кийин парламенттин жалпы сессиясында да маселе көтөрүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Количество просмотров: 46