• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот?

11 Аяк оона 202312:14 Бишкек Govori.TV

Калкка көмүр берүү 2023 — жылдын 5-августунан башталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда өткөн маалымат жыйында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 2023-2024-жылдын кыш мезгилинде кыргызстандыктар жалпы 2 млн 746 миң тонна көмүр керектейт.

«Көмүрдүн баасы 4500-5000 сомду түзөт. Сатыкка коюлган баа саясатын монополияга каршы мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча 105 миң тонна көмүр казылды», — деди ал.

Количество просмотров: 886