Бүгүн 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда депутат Мейкинбек Абдалиевдин суроосуна жооп берип жаткан Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев быйылкы Нооруз майрамынын салтанаттуу иш-чарасы Ош облусунда өткөрүлүүсү пландалып жатканын айтты.