• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Быйылкы курултайга мурунку жана азыркы президенттер чакырылат

23 Тогуздун айы 201814:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV
Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Республикалык деңгээлдеги  курултай өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Адил Турдукулов билдирди.
Анын маалыматына караганда,  24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине бир жыл болот. Ошого байланыштуу бул  иш-чара 24-ноябрга белгиленген. Курултайга катышууга президент Сооронбай Жээнбековго, экс-президент Алмазбек Атамбаевге, экс-депутат Өмүрбек Бабановго расмий чакыруу жөнөтүлөт.
Турдукулов курултай өлкө маселесин талкуулоочу аянтча болоорун кошумчалаган. Демилгечилердин катарын Айбек Мырза, Рита Карасартова, саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков толуктайт.
Количество просмотров: 59