Эки автомектептин директору жана ортомчулук кылган бир жаран документ жасалмалоого шектелип кармалган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, автомектеп жетекчилери ортомчу И.Т. жана башка жарандар аркылуу чет өлкөдө жүргөндөргө айдоочулукка окуганы тууралуу жасалма документтерди даярдап жүрүшкөн. Бул үчүн бир кишиден 40 миңден 120 миң сомго чейин акча алып турушканы жазылган.
“Акча каражаттары алынгандан кийин кылмышка шектүүлөр жарандарды мамлекеттик порталга жасалма түрдө каттап, жол кыймылынын эрежелерин теориялык окуудан жана практикалык айдоодон өтпөстөн унаа мектебин бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк беришкен. Бул, өз кезегинде, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.
Жыйынтыгында, бир гана ортомчу аркылуу 244 угарман авто мектептерине мыйзамсыз кабыл алынып, алардан жалпы 2 760 850 сом өлчөмүндө акча каражаты алынганы аныкталды. Жыйынтыгында, бир гана ортомчу аркылуу 244 угарман авто мектептерине мыйзамсыз кабыл алынып, алардан жалпы 2 760 850 сом өлчөмүндө акча каражаты алынганы аныкталды.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 379-беренеси (Документтердин жасалмалоо жасоо) менен кылмыш иши козголду. Кылмыштуу ишмердүүлүктүн уюштуруучулары — И.Т., М.А. жана Б.Т. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда алардан айдоочуларды окутууну каттоо боюнча 200 журнал, автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу 160 күбөлүк, 264 ар кандай документ, сегиз электрондук маалымат сактагыч, ошондой эле 40 даана ок-дарысы бар бир даана аңчылык мылтык алынган», — деп жазылган маалыматта.