Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун башчысы менен биргеликте Чүй дарыясынын жээктериндеги эрозияга дуушар болгон тилекелерди текшерди.
ӨКМден билдиришкендей, министр дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээктерин көрүп чыккан соң, тиешелүү тармактарга бекемдөө иштерин күчөтүү тапшырмасын койду.
Ал жээктер бекемделсе айдоо талаалары корголуп, калктын жашоосуна зыян тийбей турганын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл аймагынан жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынан агып өткөн Чүй дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелеринин эрозиясын токтотуу максатында жээктерди бекемдөө иши жүрүүдө.