• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүй каналына агып кеткен «Тазалыктын» үч жумушчусунун тең сөөгү табылды

1 Үчтүн айы 202614:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов районунда 30-декабрда Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кеткен 3 жаран толук табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иш-чараларына Кыргыз Республикасынын ӨКМнин куткаруучулары тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында жарандардын бардыгы табылган.

2025-жылдын 30-декабрында изделип жаткан жарандардын биринин сөөгү аталган каналдан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 31-декабрда саат 09:50 чамасында экинчи жарандын сөөгү ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылган. Ал эми бүгүн, 1-январь күнү, издөө иштеринин жүрүшүндө үчүнчү жарандын денеси табылып, тиешелүү тартипте милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Издөө иштери толук аяктады.

Окуя борбор калаанын Аламүдүн-1 кичи району тарапта 30-декабрь күнү эртең менен болгон. Үч жумушчу Ауэзов көчөсү жактагы каналга чөгүп кеткен.

Количество просмотров: 247