Бүгүн, 30-декабрда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү бөлүнгөн жерди тазалап бүтүп, жумуш убактысы аяктагандан кийин саат 8:00-8:30 чамасында үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен.
Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев окуя болгон жерге дароо барды. Мэр бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ал эми ӨКМ Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 3 адам изделип жатканын билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Аламүдүн-1 кичи районунда Чоң Чүй каналына 3 адам түшүп кеткен. Бүгүн издөө иштерине саат 09:05те 5 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.