• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүй проспектиси унаа кыймылы үчүн ачылды

21 Бештин айы 202510:53 Бишкек Govori.TV

Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Аялдама орнотуу жана Абдрахманов көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктүн курулушу, соода аянтчаларын жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери уланууда.

Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде азырынча светофор болбойт, анткени Шопоков көчөсү унаа өтүү үчүн жабык бойдон калууда.

Количество просмотров: 133