• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө 15 кой уурдаганга шектелип, 3 жаран кармалды

18 Баш оона 2020 17:30 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда мал уурдаганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга Сокулук районунун Асылбаш айылынын тургуну 15 баш коюн уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.

«Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 29 жаштагы С.Ж., 19 жаштагы Ш.А. жана 31 жаштагы Б.К. кармалган. Шектүүлөрдүн уурулук боюнча дагы эки кылмышка тиешеси бар экени аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө жүрүүдө.

Количество просмотров: 135