• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

19 Бугу 202611:08 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды жолдордо этият болууга жана мүмкүн болсо үйдөн чыкпай турууга чакырат.

Количество просмотров: 96