Чүйдөгү «Гавайи» эс алуу жайынын аймагындагы массалык мушташка байланыштуу 11 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү Чүй районуна караштуу Бишкек–Торугарт айланма автожолунда автоунаалардын катышуусунда кубалашуу жана ок атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул маалымат Чүй РИИБинде катталып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү жагдайлар аныкталган: 2026-жылдын 22-июнь күнү саат 22:30 чамасында Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Красная Речка айылынын тургундары — 2006-ж.т. А.А., 2009-ж.т. Х.М., 2007-ж.т. А.Э., 2006-ж.т. Х.И. жана 2009-ж.т. М.Ч. ошол эле райондун Кең-Булуң айылынын өздөрү менен тең курактуу 15 чакты тургуну менен уруша кетишкен.
«Жаңжалдын чыгышына эки баланын ортосундагы кыз талашуу себеп болгон. Ушуга байланыштуу эки топ Ивановка айылында жолугуп, сүйлөшүү учурунда мушташ чыгып кеткен. Андан соң бир тарап автоунаа менен кетип бара жаткан учурда, экинчи тарап үч автоунаа менен алардын артынан кубалаган. Чүй районунун аймагына караштуу Бишкек–Торугарт автожолундагы унаа токтотуучу жайга жеткенде аларды кууп жетип, таш менен автоунааны талкалап, терезелерин сындырып кетишкен», — деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө эки тараптан 2002-ж.т. К.А., 2007-ж.т. Ш.А., 2006-ж.т. Б.А., 2008-ж.т. Н.А., 2007-ж.т. Л.И., 2008-ж.т. Б.Х., 2007-ж.т. А.Э., 2009-ж.т. Х.М., 2006-ж.т. А.А., 2006-ж.т. Х.И. жана 2006-ж.т. Э.И. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, Чүй РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми калган жарандарга карата укук бузуулар менен материалдар түзүлүп, жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, «Mercedes-Benz Sprinter», «Mercedes-Benz E210», «Audi A6», «Honda Fit» жана «Volkswagen Golf II» үлгүсүндөгү автоунаалар айып короого киргизилип, мыйзам бузуулар боюнча ЖКККБ кызматкерлери тарабынан тиешелүү административдик протоколдор түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык айып пул салуу боюнча чаралар көрүлгөн.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.