• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө 36 жаштагы жаран карындашына ыдык көрсөткөн кишини атып салды

1 Теке 2022 19:22 Бишкек Govori.TV

Чүйдө карындашынын намысына тийип, кол көтөргөн кишини агасы атып салды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда аялдамада жол тосуп турган 33 жаштагы аял эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинага түшкөн. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин унаасын жолдун жээгине токтотуп аялга асылган.

«Аял качып чыгып, агасына телефон чалганга үлгүргөн. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле аялды уруп-согуп, чачынан тартып сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 123