• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Финляндияда мектепте ок атылып, үч окуучу жараат алды

2 Чын куран 2024 15:43 Бишкек Govori.TV

2-апрелде Финляндиянын Вантаа шаарындагы мектепте ок атылып, үч окуучу жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн полициясына шилтеме кылып кабарлады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ок 800гө жакын окуучу билим алган жана 90го чукул адам иштеген Виертол мектебинде атылган.

Полиция шектүү кармалганын, ал 13 жашта экенин билдирди. «Би-Би-Си» жаракат алып, ооруканага жеткирилген окуучулар да 13 жашта экенин жазды.

Мектептин директору учурда эч кандай коркунуч жок экенин айтып, окуя боюнча башка комментарий берүүдөн баш тарткан.

Вантаа – чоңдугу боюнча Финляндиянын төртүнчү шаары болуп эсептелет. Калаада 240 миңге жакын киши жашайт.

Количество просмотров: 56