• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте ок атуу менен коштолгон мушташтан кийин милицияга 9 адам жеткирилди

14 Бугу 202412:05 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ок атуу менен коштолгон мушташтан кийин милицияга 9 адам жеткирилди.

Ленин РИИБден билдиришкендей, 13-майда болжол менен саат 18:26да милициянын «102» кызматына Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде муштап болуп жатканы жана тапанчадан ок атылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары милицияга 9 жаран жеткирилген. Алардын арасында жашы жете элек бала бар.

Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, мушташ учурунда асманга ок атылган травматикалык тапанча шектүүлөрдөн алынып, далил зат катары таанылган. Ал боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 135