Чүй облусуна караштуу Ивановка айылында азык-түлүк саткан дүкөн толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 25-майда, саат болжол менен 14:16тө катталган.
«Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Г.Ильин көчөсүндө “Амина” дүкөнүнөн өрт чыгып, жалпы аянтты 200 чарчы метр болгон дүкөн толугу менен күйүп кетти»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн себеби такталууда.