• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чүйдө базар ээлери ижара акысын арзандатты (тизме)

12 Бештин айы 2023 17:10 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан Министрлер Кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода-базар комплексинин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү макулдашылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Мадина” базарынын администрациясы тарабынан келишимдин жыйынтыгы боюнча ижара баасы 30%га арзандатылды. Ошондой эле, Токмок шаарынын базарларында ижара баалары 30% арзандады.

Ижара акысын арзандаткан базар ээлеринин аты-жөнү жарыяланды:

  • “Токмок Булак” ЖЧКсына катталган Токмок шаарынын базары, директору А.Сыдыгалиев;
  • “Токмок Мүрөк” ЖЧКсы, республикалык маанидеги мал базары, директору А. Ниязалиев;
  • “Ак-Кеме Рахман” ЖЧКсына катталган Токмок шаарындагы кийим базары, директору Ш.Раимов;
  • “Токмок” соода-базар комплекси, 23 соода контейнеринин ээси И.Юлдашев;
  • Токмок шаарындагы кичи дүң базар, ээси М. Ахмедов.
  • Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы “Береке” соода-базар комплексинде, директору Р.Мурадылов;
  • Жайыл районундагы “Жайыл базары” соода-базар комплексинде, директору М.Шавкетов;
  • Москва районунун Беловодск айылындагы “Ярмарка” жана “Айдар” кичи базарларында;
  • Сокулук районундагы кичи базарларда — Новопавловка айылындагы “Нурлан”, администратору Р.Усубалиева;
  • “Жибек-Жолу” администратору Б. Маханов;
  • “Сары-Өзөн” администратору К. Абдыкалыков;
  • “Заря” администратору У. Шамырзаев.

Ушундай эле келишим Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы “Кант” ЖЧКсына катталган базар, директору У. Мукеев тарабынан калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге (соода менен алектенген пенсионерлерге) каржылык түйшүктү жеңилдетүү максатында соода жайлары бекер берилет.

«Панфилов районундагы — “Артел О” жана “Ак-Жолтой” кичи базарларында ижара баасы 30%га арзандады. Жайыл районунун (Кара-Балта шаары) унаа тетиктери базарынын ээси У.Ногойбаев ижара акысын 35%га төмөндөттү. Ошол эле учурда Кемин районунун кичи базарларында (Кеминдеги “Ажка” кичи базары, Орловка айылындагы “Бар Бол” кичи базары) ижара баалары 20%га арзандады»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда 38 базар бар, алардын көбү жергиликтүү базарлар (“кичи базарлар” деп аталат), аларда ижара акысы жана кирешенин көлөмү борбордук соода-базар комплекстеринен, анын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан комплекстерден да олуттуу айырмаланат. Ошентсе да, мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү максатында соода-базар комплексинин ээлери Чүй облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүүнү чечишти. Ошону менен бирге, Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат (Чүй облусу боюнча 8714 ККМ катталган, патенттин негизинде 5861 ишкер ишин улантууда).

Количество просмотров: 272