• Дүйшөмбү 6 Теке 2026
  • Понедельник 6 Июль 2026

Базардагы жаңжал: 3 адам камалып, бирөө үй камагына алынды

6 Теке 202615:52 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлердин ортосунда жаңжал чыгып, бир жаранга карата күч колдонулгандыгы тартылган видео тараган.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран кармалып, аларга кылмышка шектүү катары айып угузулду.

«Шектүү катары кармалган үч шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми дагы бир жарандын жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, үй камагына бошотулду», — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 51