• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө Боз-Бөлтөк тоосунан өрт чыкты

5 Аяк оона 202213:27 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районуна карашатуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Фрунзе токой чарбасына караштуу Боз-Бөлтөк тоосу өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тилсиз жоо катталган аймакка өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Ошондой эле Токой чарба кызматынан 7, жергиликтүү тургундардан 4 адам жардамга чыгышкан.

«Жалындаган тилсиз жоо саат 22:32де чектөөгө алынып, саат 23:24тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жалпысынан 5 гектар тоо янты күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жок жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 146