• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Чүйдө көчөдөгү адамдарды сабагандар кармалды

29 Теке 202314:33 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында көчөдө бараткан адамдардарга кол салып, унааларды талкалоого шектүүлөр кармалды.

Облустук милициядан кабарлашкандай, 28-июлга караган түнү Төмөнкү Чүй айылында топ балдар көчөдө бараткандарды эч себепсиз сабап, эки унаага зыян келтиришкен.

Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Учурда бул окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып, 6 адам райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 131