Чүй облусуна караштуу Байтик айылында 23 окуучу ууланган мектеп-интернатынын жетекчилиги менен кызматкерлерине айып салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору балдар ууланган мектепте иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында санитардык эрежелер бузулганы аныкталган. Бул боюнча протокол түзүлүп, мектеп жетекчиси 23 000 сом айыпка жыгылса, кампачы-камсыздоо менеджери, азык-түлүк жеткирүүчү, медицина кызматкери, ашпозчу 7 500 сомдон айып төлөмөй болушкан.
«Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Учурда баарынын абалы канааттандырарлык деп бааланды»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:00дө «Кут Билим» мектеп-интернатынан 20дан ашык бала тамакка ууланып, баары Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылган.