Чүй облусунун Москва районунда Петровка – Нарзан темир жол өткөрмө жайында поезд менен «Мерседес Спринтер» автоунаасы катышкан жол кырсыгынан бир аял киши мерт болуп, 12 адам жаракат алды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 13-мартта саат 19:30 чамасында болгон. Бишкек—Мерке багыты менен бара жаткан поезд «Мерседес Спринтер» унаасы менен сүзүшкөн. Кичи автобус Петровка – Нарзан каттамы менен түштүктөн түндүккө көздөй бара жатып, айдоочу жол кыймылынын эрежесин сактаган эмес.
«Жараат алгандардын бешөө эркек, үчөө аял киши жана төртөө бала.Алардын абалы канааттандырарлык. Баары зарыл болгон медициналык жардам алып жатышат»,-деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.