Тоодо аңчылык кылып жүрүп, дайынсыз болгон жаранды издөө иши бүгүн дагы улантылат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлашты.
Маалым болгондой 27-ноябрда Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылынан “Кичи-Тоо” тоосуна 1961-жылы туулган Алекандр Браун жана 1972-жылкы Дмитрий Забунов аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү Александр Браун үйүнө кайтып келген. Ал эми Дмитрий Забунов текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:20да 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 4 кызматкер жана туугандарынан 7 адам тартылып, караңгы киргенге чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.