• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жети-Өгүздө дайынсыз болгон 2 тургун табылды

10 Чын куран 2023 12:30 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунун дайынсыз болгон 2 тургуну аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү саат 21:30 чамасында Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына Toyota Land Cruiser унаасы менен кеткен 51 жаштагы У.М. жана 34 жаштагы М.А. аттуу адамдар бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

«Аталган аймакта болуп жаткан бороонго карабай адамдарды издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнөн 1 офицер, унаа жолду тазалоо үчүн №3 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана “Кара-Сай” чек ара тозотунан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматкерлери тозоттон 18 чакырымдагы аралык алыстыктан жогорудагы дайынсыз адамдарды аман-эсен табышкан.

Количество просмотров: 2132